Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:49

Казакстанда Сириядан келгендер соттолду


«Ислам мамлекети» тобунун катарында согушканы айтылган 14 казакстандыктын соту.

Нур-Султан шаарынын соту 11-декабрда 14 казакстандыкты террорчулук аракеттерге барган деп таап, 8 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратты. Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун катарында урушканы айтылган бул адамдар согушкер топко адамдарды тарткан, терроризмге үгүттөгөн, кастыкты козуткан, зордук-зомбулукка чакырган адабияттарды тараткан деп табылды.

14 кишини бийлик быйыл Сириядан башка казакстандыктар менен кошо алып келген.

Казакстан жыл башынан бери «Жусан-1» жана «Жусан-2» операцияларынын алкагында Сирия менен Ирактагы согуш аймактарынан 600 жаранын артка кайтарып келген. Алардын үчтөн экиси балдар. Кайтарылгандардын арасынан бир тобу териштирүү иштеринен кийин сот жообуна тартылды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, 2013-жылдан тартып Сирия менен Ирактагы террорчу топторго кошулуш үчүн жалпысынан 800дөй казак жараны кетип калган.

XS
SM
MD
LG