Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Депутат Сириядагы кыргызстандыктарды алып келүү маселесин көтөрдү


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Сириядагы жана Ирактагы лагерлерден кыргызстандыктарды алып келүү маселесин Тышкы иштер министрлиги кечиктирбей чечиши керек экенин айтты.

- Башка мамлекеттер Сирияга жана Иракка адашып барып, азыр лагерлерде кыйналып отурган жарандарын алып келүүгө аракет кылып жатышат. Тышкы иштер министрлиги балдар менен аялдарды алып келүү маселесин карасын, - деди Икрамов 12-декабрда өткөн парламенттин жалпы жыйынында.

Расмий маалыматтарда 150дөй кыргызстандык аял Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде, Ирактагы түрмөлөрдө балдары менен кармалып турганы айтылып келет.​ Бирок кеткендердин жакындары аялдардын саны 400дөн көп экенин айтышууда.

2013-2015-жылдар аралыгында Жакынкы Чыгыштагы согуш тутанган аймактагы жоочуларга 800гө чамалуу кыргызстандык кошулганы айтылган. Алардын 200дөйү ошол жакта каза болгон.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, диний көз карашынан башка экстремисттик топтордун азгырыгына алданып баргандар да жетиштүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сирия менен Ирактагы лагерлерде жаткан кыргызстандыктардын тек-жайын тактоо уланып жатканын 2-декабрда билдирген. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG