Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Кумтөрдө жоголгон жумушчуларды издөө жай жүрүп жатканы айтылды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков Кумтөр алтын кенинде жоголгон эки жумушчуну издөө иштери жай жүрүп жатканын айтып, зарыл болсо коңшу мамлекеттерден жардам суроону сунуш кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 12-декабрда өткөн жыйынында билдирди.

- Премьер-министр болгон иш-чараны өзү көзөмөлдөп жатат. Бирок «Кумтөр» жеке ишкана болгондуктан өзүнчө каражат бөлдүрүп Кытайдан, Казакстандан, Орусиядан болобу, кошумча куткаруучуларды тартса. Антпесе кырсык болгондон бери 11 күн өтүп кетти, - деди Чойбеков.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый мөңгүсүнө жакын кенди иштетүүгө жараксыз катмар көчүп кеткен. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевду таппай калышкан. Андан бери 100гө жакын куткаруучу кырсык болгон жерде иштеп жатса да, майнап чыга элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кендеги көчкөн жер катмарынын көлөмүнүн узуну 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 млн. 825 миң куб метр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG