Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жазган арызды кабыл алуудан баш тартты.
Матраимов «Азаттык» радиосуна байланыштуу Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздар боюнча комиссияга 3-октябрда кайрылган. Саясатчы Ошто кезектеги телеберүү тартып жүргөн журналисттин каракталышы боюнча жазылган макалаларга байланыштуу даттанган.
Комиссиянын бир мүчөсү Санжар Эралиев «Азаттык» радиосунун кабарчысы болгондуктан, кызыкчылыктар кагылышына жол бербеш үчүн бул арызды кароо жараянына катышкан эмес.
Матраимов 3-октябрда жиберген алгачкы арызында макалалардагы кайсыл маалыматтарга нааразы экенин ачык көрсөткөн эмес. Депутат 21-октябрда аны толуктап, экинчи жолу арыз жиберген.
Комиссия чыгарган чечимде арыз эмне себептен кабыл алынбаганы төмөнкүчө түшүндүрүлгөн:
- Арыздын текстинен арыз берүүчүнүн ар-намысына кайсы маалыматтар шек келтиргенин так аныктоо мүмкүн эмес, андыктан карала турган предмет жок.
- Комиссиянын компетенциясына кимдир-бирөөлөрдүн сүйлөшкөн сөзүнүн аудиожазуусунун аныктыгын текшерүү кирбейт, ал тургай жеке (конфиденциалдуу) мүнөздөгү аракеттерге баа берүүгө акысы жок.
- Арыз берүүчү өз кайрылуусунда күн мурунтан эле Комиссиянын ишин объективдүү эмес жана бейтарап эмес деп баалаган пикирде болгондуктан анын арызын кароо мүмкүн эмес.
Чечим 12-декабрда комиссиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.
Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Комиссия 2007-жылдан бери иштейт. Андан бери үч жолу курамы жаңыланган.
Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш болуп эсептелет.
Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт.