Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:40

«Адмирал Кузнецовду» өрт чалды


«Адмирал Кузнецов» кемеси.
«Адмирал Кузнецов» кемеси.

Орусиянын аскер кемеси «Адмирал Кузнецовдо» 12-декабрда, жергиликтүү убакыт боюнча 10:16да өрт чыгып, кеминде беш киши жабыркады. Орусиялык маалымат каражаттары бул учурда крейсер Мурманскидеги докто оңдолуп жатканын жазышты.

Баштапкы маалыматка ылайык, өрт кеменин жүк ташуучу бөлүмүнөн чыккан. Борттогу дизел майын да өрт чалганы өчүрүү ишин татаалдаштырды.

Бортунан аскер учактары асманга көтөрүлө алчу «Адмирал Кузнецов» - Орусиянын Аскер-деңиз флотундагы бирден-бир маанилүү кеме. 9-декабрда Кеме куруу бириккен корпорациясынын башчысы Алексей Рахманов «Адмирал Кузнецовдо» оңдоо иштери графикке ылайык жүрүп жатканын, 2022-жылы ишке берилерин билдирген.

XS
SM
MD
LG