Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:32

Уланбек Эгизбаевге Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык берилди


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

«Азаттыктын» белгилүү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ыйгарылды. Күбөлүгү жана төш белгиси 12-декабрда Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында Уланбектин жакындарына тапшырылды.

Ошондой эле жаштар сыйлыгы Айсулуу Тыныбековага, Адилет Токтогуловго, Акжол Дооронбек уулуну, Арзымат Жороевге, Дастан Жапар уулуна, Нурсултан Курбановго ж.б. берилди.

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы өкмөттүн 2000-жылдын 23-августтагы токтому менен негизделген.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.

XS
SM
MD
LG