Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:04

Икрамов: Кой-Таш окуясында таш алып бергендер да жооп бериши керек


Кой-Таш окуясы.
Кой-Таш окуясы.

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов «Кой-Таш окуясына катышкан айрым адамдар жоопкерчиликке тартылбай жатат» деген пикирин билдирди. Ал окуяга тиешеси барларга катаал чара көрүлүшү керек деп эсептейт.

- Бүгүнкү күнгө чейин чакырык таштап, дагы эле туура эмес маалыматтарды айтып жүрүшөт, - деди ал. - Булардын ошол окуяга катышып, жоокерлерди кармап жатканы боюнча видеосунан бери жүрөт. Эмнеге аларга чара көрбөйсүңөр? Ошол жерде таш алып, катышкан ар бир адам жооп бериши керек. Мындан кийин мамлекетти күч менен басып алуу деген маңкурттукка жол берилбеши керек. Балдарын мындай тополоңго жөнөтпөй тургандай болушу керек.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келди. Муну комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров 12-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Комиссия Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) Атамбаевди суракка күч менен алып келүү боюнча иште ката кетиргенине карабастан, алардын ишин мыйзамдуу деп тапты.

Мунун алдында Атамбаевди колдогон КСДП комиссиянын бүтүмү тууралуу билдирүү таратып, «Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт» деп билдирди. Ошондой эле комиссия учурдагы бийликтин саясий каталарын жана кылмыштарын калкалоо үчүн кызмат кылып жатканын билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG