Нигерде жихадчы согушкерлер Мали менен чек арага жакын жердеги аскердик базага кол салып, кеминде 71 жоокер мерт болду.
Нигер армиясынын полковниги Бубакар Хасандын айтымында, аскерлер жакшы куралданган жүздөгөн террорчулардын чабуулуна туш болушкан. Курман болгондордон тышкары 12 киши жарадар болду же дайыны табылбай жатат.
Батыш Африкадагы Саел чөлкөмүндө «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу менен байланыштагы исламчыл согушкерлер жигердүү иш алып барышат. Аларга каршы аймактык жана эл аралык контингенттер күрөшүп келатат. Зордук-зомбулуктан өзгөчө Мали менен Буркина-Фасо жабыркап жатат. Бирок зомбулук акыркы кезде Нигерге да жайылды.