Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 03:07

Салянова: Соттун чечими күтүүсүз болгон жок


Жогорку сот Аида Салянованын лицензия боюнча арызын канааттандырбагандан кийин мындай деп жооп берди:

“Чечим мен үчүн күтүүсүз деле болгон жок. Бирок ар бир нерсенин өз убагы болот. Мен эртеби-кечпи акталарымды билем жана буга ишенем”, - деди Салянова.

Аида Салянова акыркы жагдай сот системасында өзгөрүү жок экенин, буга чейинки президенттин айткан убадалары аткарылбай жатканынын көрсөткүчү катары баалады.

Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш ишин жаңы жагдайлар менен карап, Бишкектин Ленин райондук сотунун 2017-жылдагы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Салянова өзү бул иште эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. (BkA/TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG