Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 23-январь, 2020 Бишкек убактысы 02:53

«Журналисттер»: сот басылмалардын эсебин камоо боюнча шашылыш чечим чыгарды


Марс Төлөгөнов.

"Бишкектин Свердлов райондук соту «Азаттык» радиосунун, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынын банк эсептерин жабуу боюнча чечимди шашылыш чыгарганы туура эмес", - деди "Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Төлөгөнов. Мындай пикирин ал өзү жетектеген уюмдун атынан "Азаттык" радиосуна билдирди.

Матраимовдордун үй-бүлөсү аталган басылмаларды сотко берип, жалпы суммасы 60 миллион сомдук доо койгон. Сот алардын арызынын негизинде басылмалардын банк эсебин камакка койгон.

Марс Төлөгөнов демократиялуу коомдо ар ким сотко кайрылууга акылуу экенин кошумчалап, бирок доонун өлчөмү чоң экенин, бул сөз эркиндигине чабуул катары медиа уюмдарды тынчсыздандырып жатканын белгиледи.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгону 12-декабрда маалым болду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

  • Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
  • Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
  • Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
  • «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

  • «Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
  • Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
  • 24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
  • «Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген. «Азаттык Медианы» тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебине таандык 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG