Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Акыйкатчы институту Матраимовдордун доо арызы боюнча чукул жыйын өткөрөт


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Акыйкатчы институту Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылманы жана журналистти сотко берип, ири өлчөмдө доо койгонуна байланыштуу 13-декабрда чукул жыйын өткөрөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» акыйкатчы Токон Мамытов билдирди:

- Чукул кызматтык кеңешмеде бул маселени талкуулап, Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин сунуш-пикирлеринин негизинде чечим кабыл алабыз. Биз адамдардын баарынын укугун коргойбуз. Ким болбосун, баары бизге тең. Журналисттин укугу да, Матраимовдун укугу да бизге бирдей, ал укуктар тебеленбеши керек.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

  • Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
  • Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
  • Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
  • «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

  • «Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
  • Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
  • 24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
  • «Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

Бир катар медиа уюмдар үч басылманы жана кабарчыны сотко берүүнү, алардын банк эсептерин дароо камакка алууну сөз эркиндигине коюлган чабуул катары баалап жатышат.

Соттун алгачкы отурум болжол менен 19-декабрда саат 14:00дө болот. Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карай турганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG