Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Президент: Матраимовдун иши аягына чыгат (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту. Жолугушууда учурдагы актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Президент Жээнбеков иликтөө жүргүзгөн журналисттерди Кыргызстанга келип, документтерин өткөрүп берүүгө чакырып, коопсуздугуна кепилдик берерин билдирди.

- Керек болсо мен да кепилдик берем. Келип, фактысы болсо берсин, - деген президент укук коргоо, сот органдарында бурмалоо болбой турганын белгиледи.

- Бул аягына чыгат. Чыдап тургула. Ошол далилдерди алып келип берсин, органдарга. Чындыктын артында биз турабыз. Чындык болот, - деди президент.

Суроо бергендердин бири Чолпон Абдырахманова журналисттик иликтөө ашкерелеген, Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча кандай чара көрүлөрүнө кызыкты.

- Мен да «Азаттыкты» угуп алып тапшырма берип атам. «Мына, текшергиле, «Азаттыктан» чыкты» деп, - деди Жээнбеков.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда 100 миллиондогон доллар чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин ашкерелеген. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү аныкталган.

XS
SM
MD
LG