Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Милиция: Ноокаттагы ээнбаштык иликтенүүдө


Ноокатта чыр чыгарганга себепчи болгон жарандар кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Жандама айылындагы көчөлөрдүн биринде атчан адамдар жолдон өтүп бара жаткан автоунааларга ат салышып, айнектерин талкалап, андагы жарандардын денесине жаракат келтирген.

- Окуядан эки күн мурда Жаңы-Ноокат айылынын борборунда айыл жаштарынын ортосунда футбол мелдеши өткөрүлгөн. Оюн учурунда келишпестик чыгыптыр. Оюндан эки күндөн кийин келишпей калган жигиттер жекеме-жеке мушташууга барышкан. Мушташта токмок жеген баланын тарапташтары экинчи тарапка өч алуу максатында ат менен барышыптыр. Азыр чыр чыгарганга себепчи болгон жарандарды кармап келип териштирүү иштери жүрүп жатат, - деди Жеңиш Аширбаев.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен катталып, тергөө иштери башталды.

Бул окуя боюнча жалпысынан милицияга 5 арыз түшкөн. Арыз ээлери автоунаасына материалдык зыян келтиргендиги жана денесинен жарат алгандыгы боюнча кайрылышкан. (MdN)

XS
SM
MD
LG