Британияда Консервативдик партия, алдын-ала эсептөө боюнча, соңку 32 жылдан бери алгачкы жолу шайлоодо чоң жеңишке жетишүүдө.
Азыркы премьер-министр Борис Жонсон жетектеген партия бейшембиде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынытыгы менен 650 мандаттын 368ине ээ болот. Мындай шарт Жонсонго Улуу Британияны Евробиримдиктен келерки жылдын 31-январына чейин чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин Жонсондун парламентти таркатуу боюнча сунушу өтпөй калган, андан кийин ал шайлоону 12-декабрда өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан.
Европа комиссиясы бүгүн 13-декабрда Улуу Британияда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын талкуулайт. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен журналисттерге билдирди:
- Мен британиялык шайлоочуларды абдан урматтайм жана алар туура чечим кабыл алышат деп ойлойм. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жума күнү талкуулайбыз. Шайлоо кандай натыйжа менен аяктаса да биз аны кабыл алып, Брекзит боюнча талкууну улантабыз.
Европа Биримдиги Брекзиттин мөөнөтүн келаткан жылдын 31-январына жылдырууга макул болгон. Жонсон ага чейин шайлоо өткөрүү керек экенин, эгер консерваторлор жеңишке жетсе, Евробиримдиктен чыгуу тууралуу келишим ратификация болорун белгилеген. Азыркы парламент келишимди кабыл алган эмес. (RK)