Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Тамекиге көзөмөл боюнча улуттук программанын долбоору талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 13-декабрда Бишкекте тамекиге көзөмөл боюнча улуттук программанын долбоору талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жыйынга тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тамеки чегүүнү ден соолукка гана залака тийгизбестен, экономикалык да зыян келтирген мүшкүл деп эсептейт.

Кыргызстанда курагы 18 жаштан жогорку калктын 25% ашыгы тамекиден көз каранды. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, чылым тарткандардын 48,2% эркектер, 2,7% аялдар түзөт.

Тамеки тартуудан өпкө шишигине, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар, каза болгондор да көп. (RK)

XS
SM
MD
LG