Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Экс-мэрлердин соту уланат


Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж.
Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж.

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн 13-декабрда баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча сот иши уланат.

Буга чейинки отурумда мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20 жылга, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган. Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жатат.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең былтыр жайдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG