Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Өкмөт 10 айда экспорт 14,1% арбыганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын январь-октябрь айларында экспорт 1 млрд. 563,6 млн. АКШ долларын түзүп, 14,1% арбыганын билдирди.

Маалыматка караганда, экспорттун көбөйүшү алтынды сыртка сатуунун көлөмү 1,6 эсе жана тамекинин 2,4 эсе, эт менен эт азыктарынын 2,1 эсе, жер семирткич 1,7 эсе, керамикадан жасалган буюмдар 1,7 эсе, жашылча – 1,5 эсе, мөмө жемиш жана жаңгак 39,1%, цемент – 37%, кен жана баалуу металлдар концентраты 17,6% көбөйүшү менен болду.

Ал эми импорт 4 млрд. 59,1 млн. АКШ долларын түзүп, 7,2% азайды. 2018-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу импорттолгон товарлардын өлчөмүнүн кемиши булгаарыдан жасалган буюмдарды алып келүү 2,3 эсе, андан жасалган кийимдер – 1,8 эсе, бут кийим - 1,5 эсе, була – 27,9%, кант жана андан жасалган кондитердик азыктар – 25,6%, мунай заттары - 19,4%, пластмасса жана андан жасалган буюмдар – 11,0%, резина жана андан жасалган буюмдар 7,8% азайышы менен түшүндүрүлдү.

Соода балансындагы тартыштык 2 млрд. 495,5 млн. АКШ долларын түзүп, 17% азайды. Соода балансындагы тартыштыктын азайышы экспорттун арбышы жана импорттун азайышы аркылуу соода балансынын жакшырышы менен шартталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG