Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:15

Разаков: сөз эркиндигин колдойм, бирок жоопкерчилик да болуш керек (видео)


Жеңиш Разаков.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы берилген акыркы миллиондогон доолор тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медианы жана журналистти сотко бергени боюнча кенен маалыматы жок экенин билдирип, өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу ою менен бөлүштү.

- Мен сөз эркиндигин колдойм. Айрымдар «Интернетте цензура болушу керек» деген пикирлерди айтып жатышат. Мен ага каршымын. Ар бир адам жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу оюн эркин айтууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бир гана нерсе - биздин кээ бир журналисттер сын менен адамга күнөө коюу дегендин чегин аныктай албай калып жатат. Бирөөнү «коррупционер же чет элдик тыңчы» деп жазып, аны далилдеп бере албаса - бул да сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет, - деди Разаков.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

  • Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
  • Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
  • Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
  • «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

  • «Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
  • Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
  • 24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
  • «Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчилик боюнча чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

Бир катар медиа уюмдар үч басылманы жана кабарчыны сотко берүүнү, алардын банк эсептерин дароо камакка алууну сөз эркиндигине чабуул катары баалап жатышат. Матраимовдор бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG