Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Ошурахунова: Медианын эсебинин камактан чыкканы жеңиш эмес


Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Матраимовдордун адвокаты үч медианын эсебин камакка алуу боюнча чечимди жокко чыгарууну өтүнүп берген арыз боюнча пикирин билдирди. Укук коргоочу коомчулук негизги доо арыз кала бергенине көңүл бурушу керек экенин белгиледи:

- Эсепти камактан чыгаруу жеңиш эмес. Негизги доо калып жатат. Ал арыз каралат, ал жерден кандай талаптар айтыларын билбейбиз. Арыз бергени журналисттерге болгон басым десек болот.

Бишкектин Свердлов райондук сотуна үч медиага жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновго каршы доо арыз жазган Матраимовдордун жактоочусу жаңы арыз бергени кабарланды.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, адвокат «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын жана журналист Али Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берген.

Тактап айтканда, арыз банк эсептери жөнүндө болуп жатат. Ал эми негизги доо арыз кала бермекчи. Бул арыз бүгүн, 13-декабрда каралышы мүмкүн. Эгерде сот жактоочунун арызын канааттандырса, чечим он күндүн ичинде күчүнө кирет.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Парламенттын айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн.

Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG