Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шашылыш билдирүү:

13-декабрдан 15-декабрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 13-декабрда Жалал-Абад, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

14-декабрда жана 15-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын жүрүшүн татаалдаштырат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

14-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…-5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 1°…+1° болот.

XS
SM
MD
LG