Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

УКМК: пара доолаган соттун кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, опузалап пара алууга шектүү катары Жогорку сотко караштуу Соттук департаменттин башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды.

Атайын кызмат тараткан маалыматта «шектүү ишкана жетекчисинен соттордун биринин административдик имаратын ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип бериш үчүн 3 млн. сом өлчөмүндө пара алган. Ал бул үчүн Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын-ала сүйлөшүп алган», деп жазылат.

11-декабрында ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG