Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ага Аскер прокуратурасынан чакыруу келгенин «Азаттыкка» кабарлады. Чакыруу 13-декабрь саат 17:00гө белгиленген. Бирок Жоошев чакырууда макамы белгисиз болгондуктан суракка барбай турганын билдирди:
- Кайсы маселе, кайсы иш боюнча чакырып жатканы түшүнүксүз. Ал жерде мындай жазып коюптур, «сизге тиешелүү суроолор боюнча» деп. Эми мага көп нерсе тиешелүү да. Мен барбайм. Бул чакыруу жарабайт. Кандай болгон күндө да мен коргоп жаткан жарандар боюнча маалымат бере албайм.
Азырынча Аскер прокуратурасынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Замир Жоошев Кыргызстандагы соттолуп жаткан бир нече саясатчынын жактоочусу катары белгилүү. (TSh)