Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Министрлик: баласын урган эненин видеосу боюнча иш жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги балдарын сабаганын видеого тарткан жарандын тек-жайын Ички иштер министрлиги менен бирге тактаганын кабарлады.

Министрлик окуя Өзгөн районунда болгонун, балдарды уруп жаткан аял 8-ноябрда Орусияга иштеп кеткени тууралуу маалымат бар экенин кабарлады. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бул маселе боюнча министрдин орун басары Ализа Солтонбекова иш алып барып жатканын билдирди.

Учурда социалдык тармактарда «күйөөсү кетип калганы үчүн энеси балдарын уруп жатат» деген видео тарап, кызуу талкууланып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG