Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Түркия: Ахмет Давутоглу жаңы партия түптөдү


Ахмет Давутоглунун партиясы "Келечек" деп аталат.
Ахмет Давутоглунун партиясы "Келечек" деп аталат.

Түркиянын мурдагы өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу президент Режеп Тайып Эрдогандын "Акыйкат жана өнүгүү" ("АК") партиясына атаандаш өзүнүн "Келечек" партиясы түздү.

Бул тууралуу ал 13-декабрда Анкарада жарыялады.

"Биз бүгүн жаңы партияны түзүп жатып, келечек элге, келечек Түркияга таандык деп айтабыз", - деди.

Экс-премьер-министр өлкөдөгү сөз жана дин эркиндигин коргоону, башкаруу системасын өзгөртүүнү, сот жана конституциялык реформа жүргүзүүнү жана экономикалык каатчылыктан жапа чеккендерге жардам берүүнү убада кылды.


60 жаштагы Давутоглу узак убакыт Эрдогандын саясий өнөктөшү болуп келген, ал "АК" партиясынан ушул жылдын сентябрь айында чыгып кеткен.

Ахмет Давутоглу тышкы иштер министри болуп 2009-2014-жылдары иштеген. Андан кийин 2016-жылга чейин премьер-министр болуп турган жана Эрдоган менен тил табыша албай кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG