Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Шыкмаматов: Коопсуздук кеңешинде президенттен чечкиндүү кадам күтөм (видео)


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыктын” "Эксперттер талдайт" телеберүүсүндөгү талкууда сүйлөп жатып, жакында өтө турган Коопсуздук кеңешинде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков коррупция боюнча чечкиндүү позициясын билдириши керек деп айтты.

- Бир жуманын ичинде Коопсуздук кеңеши болот. Азыр президенттин кетенчиктей албай калды. “Факты керек”, – деп эки жолу айтты. Президенттин чечкиндүү реакциясын мен Коопсуздук кеңешинде күтөм. Ошол жерде радикалдуу чечимдер кабыл албаса, анда элдин шек саноосуна жем таштап коет, - деди Шыкмаматов.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген.

Парламенттын айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Матраимовдордун үй-бүлөсү маалымат каражаттарын сотко бергени боюнча билдирүү таратып, «бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтире турганын так кесе билдиребиз» деп белгиледи.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген. Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн.

Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG