Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Бишкекте кыргыз волейболунун 90 жылдыгы белгиленип жатат


Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жыйында сүйлөп жатат.
Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жыйында сүйлөп жатат.

Кыргыз волейболунун 90 жылдыгына арналган борбордогу иш-чарага Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, бир катар депутаттар, спорт ардагерлери жана спорт ишмерлери катышып жатат.

Салтанатта волейбол федерациясынын астында түзүлгөн “Энелер лигасы” Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин сааты, Улуттук Олимпиада комитетинин олимпиадалык ордени менен сыйланды. Андан сырткары бир катар спорт ишмерлерине спорт ардагери, спорттун отличниги наамдары ыйгарылды.

Быйыл Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы август айында Непалда өткөн Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы ноябрь айында Бангладеште өткөн Азиянын аймактык чемпионатында (Борбордук зона) коло байгеге ээ болду.

Волейбол федерациясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 135 миңден ашуун киши волейбол менен машыгат. Өлкөнүн Улуттук жана Жогорку лигаларында 18 кесипкөй команда, кыз-келиндердин алты кесипкөй командасы бар. Ал эми волейбол ышкыбоздорунун арасында «Энелер», «Ардагерлер», «Студенттер», «Мектеп», «Маданият кызматкерлери», «Жаштар» жана башка он чакты лигада күн сайын мелдештер өтүп келет. (GT\ErN)

XS
SM
MD
LG