Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Суданда бийликтен кулатылган президент эки жылга кесилди


Омар ал-Башир (оңдо) Хартум шаарындагы сотто.
Омар ал-Башир (оңдо) Хартум шаарындагы сотто.

Судан мамлекетинин бийликтен кулатылган президенти Омар ал-Башир өлкөнүн борбору Хартумда коррупцияга айыпталып, эки жылга камакка алынды. "Ал-Жазира" телеканалы кабарлагандай, ал чет элдик валютаны мыйзамсыз сактоого, чек ара боюнча акча алууга жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого айыпталууда.

Мурдагы мамлекет башчы 75 жашка чыкканына байланыштуу жазасын түзөтүү борборунда өтөй турган болду.

Омар ал-Башир бир нече айлык каршылыктардан кийин быйыл апрелде аскерлер тарабынан кулатылган. Нааразылык экономикалык ураандар менен башталып, президенттин кызматтан кетишин талап кылган демонстрацияларга чейин жеткен.

Суданда мурдагы диктаторго каршы дагы эки кылмыш иши ачылган. Майда ага нааразылыкка чыккандарды өлтүрүүгө буйрук берген жана катышкан деген айып коюлган. Ушул аптада Ал-Башир аны бийликке алып келген 1989-жылкы төңкөрүштө аткарган ролуна байланыштуу суракка чакырылган.

Мындан сырткары Эл аралык сот тарабынан Омар ал-Баширди камакка алуу боюнча эки ордер бар. Анда ага Судандын Дарфур провинциясындагы чыр-чатак учурунда геноцид кылган, адамзатка каршы кылмыштарды жана аскердик кылмыштарды жасаган деген айып тагылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG