Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

Кыргызстанда беш жылда 45 адам сатуу фактысы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2014-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанда адам сатуу боюнча 45 факты катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасында укук бузуулар жана укук тартиби" боюнча жыйнагында жарыяланды.

Мунун 28си бала сатуу, 14ү сексуалдык эксплуатация жана үчөө эмгек эксплуатациясы. Ар бир фактыда бир же бир нече адам сатылышы мүмкүн жана кылмыштарга жалпы 65 кишинин катыштыгы аныкталып, жоопкерчиликке тартылган.

Кеп болгон маалыматтар Кыргызстандын укук коргоо органдарынан алынган. Анда 2019-жылдын көрсөткүчтөрү келтирилген эмес.

Жаңыдан жарыяланган жыйнакта адамдарды сатуудан сырткары укук бузуулардын жана укук тартибинин негизги көрсөткүчтөрү, анын ичинде аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулук, ошондой эле виктимологиялык изилдөөнүн маалыматтарын мүнөздөөчү маалыматтар келтирилди.

Басылма БУУнун БУУнун Кылмыштуулукка жана баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын, БУУнун Тынчтык куруу фондунун жана АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен жарык көрдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG