Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Жаңы Зеландияда жанар тоонун атылуусунан өлгөндөрдүн саны 16га жетти


Жанар тоо атылып жаткан учур. Жаңы Зеландия. 9-декабрь, 2019-жыл.
Жанар тоо атылып жаткан учур. Жаңы Зеландия. 9-декабрь, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын Ак (White) аралындагы жанар тоонун атылуусунан улам курмандыктардын саны 16 адамга жетти. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жергиликтүү милицияга шилтеме берип кабарлады. Агенттик билдиргендей, ооруканага түшкөн бир нече адам каза болду.

Жаратылыш кырсыгы 9-декабрда катталды. Ал күнү беш киши каза таап, дагы 20дай киши жабыркаганы маалымдалган.

Аталган аралга куткаруучулар барганы менен дайын-дареги белгисиз болуп жаткан эки адамды таба алышкан жок. 75 мүнөттүк издөө иштеринен кийин алар кайра кайтып кетишкен. Полиция кабарлагандай, кооптуу кырдаалдан улам аралда жүрүү азыр мүмкүн эмес.

Жаңы Зеландиянын Ак аралында жанар тоо тез-тез атылып турат. Жанар тоо акыркы жолу атылган кезде ошол аймакта 50дөн ашуун киши жүргөн. Ошондуктан өлгөндөр мындан да көп болушу мүмкүн деген кооптонуу бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG