Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:09

Журналисттердин этика комиссиясын Тамара Валиева жетектей баштады


Тамара Валиева.
Тамара Валиева.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга Тамара Валиева төрайым болуп шайланды. Анын талапкерлигин комиссия мүчөлөрүнүн баары колдогонун аталган орган кабарлады.

Мурдагы төрага Шамарал Майчиев башка жумуштар менен көбүрөөк алек болуп жаткандыктан өз каалоосу менен төрагалыктан кетерин, бирок комиссия курамында кала берерин билдирген.

Тамара Валиева декабрдан тарта төрайым катары арыздарды кароо жараянын башкарууда. Ал ЖМКнын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга бейөкмөт уюмдун өкүлү катары 2012-жылдан бери мүчө. Мурда Коомдук телерадикорпорацияда (КТРК) иштеген.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 киши кирген комиссия коомдук башталышта иштейт жана маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынып, 2009, 2012, 2018-жылдары түзөтүүлөр киргизилген. Комиссия ошол кодекстин негизинде иш алып барат. Анын мүчөлөрү журналисттердин республикалык конференциясында үч жылда бир тандалат.

Жыл сайын аларга саясатчылардан, коомдук ишмерлерден жана башка жарандардан ондон ашуун арыз түшөт.

XS
SM
MD
LG