Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Кыргызстанда жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абадда


Жалал-Абаддагы бош орундар жарманкеси, 3-октябрь, 2019-жыл
Жалал-Абаддагы бош орундар жарманкеси, 3-октябрь, 2019-жыл

Кыргыз өкмөтү 2019-жылы жумушсуздуктун деңгээли 3,3% түзгөнүн жарыялады. Бир жыл мурун 2,8% болчу. 14-декабрдагы расмий кабарга ылайык, мамлекетте ишсиз жарандардын расмий саны 83,3 миң кишини түзөт. Бул бир жыл мурункуга салыштырганда 18,9% көп.

Жумушсуз жарандардын эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда - 7,3%. Эң төмөн көрсөткүч Чүй облусунда - 1,2%.

1-ноябрга карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 102,9 миң кишини түзгөн. Бул сан былтыркыдан 11 миң адамга көп.

Январь-октябрь айларында эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилген бош жумуш орундарынын саны 22 728ди түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 миңге аз болгон.

Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулду.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия чөлкөмүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли боюнча жаңы баяндамасында соңку он жылдан бери Кыргызстанда жакырчылыктын жалпы деңгээли 20 пайыздан ылдыйга кыскарбаганы жана өлкөнүн алыскы аймактарында анын көрсөткүчү 40 пайыздан төмөн түшө электиги белгиленген.

XS
SM
MD
LG