Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Эрдоган АКШ үчүн Инжирликтеги авиабаза жабылышы ыктымалдыгын эскертти


Түркия президенти Режеп Эрдоган Вашингтондун ыктымал санкцияларына жооп катары АКШ үчүн Инжирликтеги авиабаза жабылышы мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу ал жекшемби күнү "Haber" телеканалынын эфиринде билдирди.

Эрдогандын айтымында, зарыл болсо Кошмо Штаттар үчүн европалык ракетага каршы коргонуу системасы жайгашкан Куреджик базасы да жабылышы ыктымал.

АКШ Орусиядан С-400 зениттик-комплексин сатып алгандыгы жана Сириянын түндүгүндөгү операциясы үчүн Түркияга каршы санкция киргизүүгө ниеттенип жатат. Санкциялардын биринчи топтому АКШнын аскердик бюджетинин долбоорунда каралган. Аны жакынкы күндөрү Конгресс жактырат деп күтүлүүдө.

Анкарага каршы санкциялардын экинчи топтому өткөн жумада Сенаттын эл аралык комитетинде жактырылган. Ошол эле күнү Сенат Осмон империясынын тушунда 1915-жылы армяндардын жапырт өлтүрүлүшүн геноцид деп сыпаттаган резолюцияны кабыл алган.

Инжирликте негизинен АКШ аскер-аба күчтөрүнүн согуштук эмес, көмөкчү учактары жайгашкан. Ал Жакынкы Чыгыштагы америкалык күчтөргө жардам берүүдө маанилүү ролго ээ.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG