Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Депутат Бакчиев УКМКда сурак берип жатканы кабарланды


Жаныбек Бакчиев.
Жаныбек Бакчиев.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Жаныбек Бакчиев бүгүн, 16-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатканы айтылууда. Бул тууралуу айрым сайттар күч органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматты такташ үчүн Бакчиевге байланышканыбызда ал телефонун алган жок. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет азырынча жооп бере элек. Депутаттын айрым фракциялаштары менен сүйлөшкөнүбүздө кабары жок экенин айтышты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтарга караганда, Жаныбек Бакчиев УКМКга ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп тургандагы иштерине байланыштуу чакырылды. Жогорку Кеңештин сайтындагы маалымат боюнча, Бакчиев Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-2012-жылдары башкарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG