Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Сот департаментинин пара алууга шек саналган кызматкери эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«3 млн. сом пара алган» деп шек саналып жаткан Жогорку соттун Соттук департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысы (А.А.) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу шектүүнүн жактоочусу Алия Турумбекова билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, шектүү Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, райондук соттордун биринин имаратын ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн жеке компаниядан 3 млн. сом пара алган.

Адвокат Алия Турумбекова бул иш 2017-жылы болгонун, ал жактап жаткан адамга коюлган айып негизсиз экенин айтты.

- Тендер 2017-жылдын 2-ноябрында жарыяланып, документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 24-ноябрында аяктаган. Тендердин жыйынтыгы ошол эле жылдын 12-декабрында жарыяланып, келишим 28-декабрда түзүлгөн. Компанияга акча 28-декабрда эле которулган. Ал эми арыздануучу параны 29-декабрда бергенин айтып жатат.

УКМК ишти Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, «ири өлчөмдөгү пара талап кылган» деп териштирип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG