Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Элчилик Хабаровскидеги окуя боюнча Орусиянын бийлигине кайрылды


Хабаровскидеги ур-токмокко кабылган мигрант
Хабаровскидеги ур-токмокко кабылган мигрант

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулардын ОМОНдун зомбулугуна кабылганы боюнча маалымат берди.

Элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта окуяга байланыштуу элчилик тынчсыздануусун билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына кайрылганы айтылат. Ошондой эле кыргызстандыктар кабылган окуяны тыкыр териштирип, күнөөлүүлөр Орусиянын мыйзамдары менен жоопко тартылат деген ишенимин билдирген.

Андан тышкары элчинин тапшырмасы менен Владивосток шаарындагы Кыргызстандын консулу жапа чеккен кыргызстандыктар жана күч органдары менен иш алып баруу үчүн Хабаровск шаарына барат.

Орусиянын күч кызматкерлеринен таяк жеген кыргызстандыктар менен Кыргызстандын Хабаровскидеги консулу Кадырбек Мырзабаев маектешип, алардан түшкөн арыздарды Хабаровск шаарынын күч органдарына тапшырды.

Хабаровскиде иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганын айтып арызданышкан. «Азаттыкка» кайрылган жарандар 80 чакты кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, 3-4 саат бою ур-токмокко алганын билдиришкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG