Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:40

Бишкекте климатка арналган улуттук форум өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Жашыл экономика боюнча коомдук кеңеши Бишкекте климатка арналган улуттук форум уюштурууда. 17-декабрда "Орион" мейманканасында болчу жыйында Кыргызстандын экологиялык өнүгүүдөгү оош-кыйыш маселелери талкууланат.

Уюштуруучулардын айтымында, эксперттер климатты коргоо жаатындагы башка мамлекеттердин мисалдарын, тажрыбайларын ортого салышат.

Форумга бийлик өкүлдөрүнөн тышкары эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын адистери чакырылган.


Кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери «Жашыл экономикага» өтүү боюнча максат коюп келет. Бул программа жалпы экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө экени айтылат. Жашыл экономика жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу принцибинде ишке ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG