Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Замир Жоошев: Алмазбек Атамбаев сотко келет


Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 17-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум болот. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Ал 16-декабрда Атамбаев менен жолукканын жана сотко келерин айтканын кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча жараянга келүүдөн баш тарткан. Бирок адвокат Жоошев 29-ноябрда Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин айткан.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш боюнча мурдагы баш прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Соңку отурум, 12-декабрда өткөн.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (BTo)

XS
SM
MD
LG