Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:52

БУУнун өкүлү: Омбудсмен институту көз карандысыз болушу керек


БУУнун азчылыктар боюнча атайын адиси Фернан де Фарен.
БУУнун азчылыктар боюнча атайын адиси Фернан де Фарен.

Бириккен Улуттар Уюмунун азчылыктар боюнча атайын адиси Фернан де Фарен Кыргызстанда Омбудсмен институту көз карандысыз болушу керек экенин айтты:

- Дүйнөдө Акыйкатчы институттарынын түйүнү жана өзүнүн рейтинги бар. Алар омбудсмендердин ишине баа бергенде эки категорияга бөлөт. Алар «А» жана «B» категориялары. Эгер Омбудсмен институтунун иши «B» категориясында турса, анда анын ресурстары чектелгендигин жана ал көз каранды экендигин билдирет, - деди Фернан де Фарен.

Анын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын акыйкатчысынын рейтинги «B» категориясында.

Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду Кыргызстандын акыйкатчысы кылып 2018-жылы шайлаган. Аны бул кызматка Социал-демократтар фракциясы сунуштаган. Көп жылдардан бери атайын кызматта иштеген генерал Мамытовдун акыйкатчылыкка шайланышы жарандык коомдун сынына кабылган.(KR)

XS
SM
MD
LG