18-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6;
Ошто, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6 градус болот.