Пакистандын соту мурдагы президент Первез Мушаррафты чыккынчылык үчүн айыптап, өлүм жазасына өкүм кылды. Сот өлкөнүн мурдагы аскердик жетекчиси 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу менен мыйзам бузган деп тапты. Бир нече жылга созулган процесстин өкүмү шейшембиде жарыяланды.
Пакистанды 1999-жылдан 2008-жылга чейин башкарган Мушарраф азыр Дубайда бозгунда жашайт. Мындан 20 жыл мурда генерал ошол кездеги премьер-министр Наваз Шарифти бийликтен кулаткан. Кутум кан төгүүсүз ишке ашырылган.
2007-жылдын ноябрында Баш мыйзамды токтотуп, өзгөчө башкаруу киргизген. Импичмент коркунучуна кабылганда, 2008-жылдын жайында Конституцияны калыбына келтирген.