Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Тажикстанда төрт милиционер түрмөдөгү кыйноо үчүн соттолду


Тажикстандагы түрмө
Тажикстандагы түрмө

Душанбе соту кыйноого айыпталган төрт милиция кызматкерин 7 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратты. Душанбе шаарынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Фарход Нурхонов 17 жылга, анын кол астында иштегендер 9 жана 7 жылга кесилишти. Аларга "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "Кыйноо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

“Азаттыктын” Өзбек кызматы милициянын кыйноосуна кабылган адамдар тууралуу макала жарыялагандан кийин тергөө иштери башталган. Тартип коргоочулар кармалгандарды кыйнагандарын четке кагып келишти. Бирок экспертиза бир нече киши уруп-сабалганын бышыктады.

Укук коргоочулар Тажикстанда күнөөнү моюнга алдыруу үчүн шектүүлөрдү кыйноо практикасы кеңири жайылганын сындап келишет.

XS
SM
MD
LG