Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Сариев шайлоо мыйзамы тууралуу: биздин да үнүбүздү уккула


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы өкмөт башчы, «Ак Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев парламент шайлоо мыйзамдары боюнча коомдук угуу өткөрүшү керек экенин айтты. Ага жарандык активисттер, парламентте болбогон партиянын өкүлдөрү катышышы керек экенин белгиледи.

- Исхак Абасаматович (Жогорку Кеңештин депутаты), парламентте коомдук угуу кылгыла. Парламенттик эмес партиялар барып катышалы. Коомдук уюмдар, жаштар да катышсын. Биздин да үнүбүздү угуш керек, - деди Сариев.

Бишкекте «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар», «Улуттар биримдиги» партиялары жана жарандык активисттер шайлоо мыйзамдарын талкуулап жатат.

Буга чейин Кыргызстанда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин 9 пайыздан 7, 5, 3 пайызга чейин түшүрүү сунушу айтылган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жетиге көтөрүлгөн.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG