Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди


Сапар Исаков. Сот процессинен тартылган сүрөттөрдүн бири.
Сапар Исаков. Сот процессинен тартылган сүрөттөрдүн бири.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурумга күч менен алып келинди.

Ал 17-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы жараянга келүүдөн баш тартып, муну укуктук башаламандык менен байланыштырган. Бирок ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Исаковду күч менен алып келүүнү тапшырган.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган.

Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иштери бөлөк каралууда.

Башкы прокуратура музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу 6-декабрда 15 жылга кесилген. Мындай өкүмдү Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды. (BTo)

XS
SM
MD
LG