Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:07

Чек ара кызматы: Талгат Алановго кысым болгон жок


Кубатбек Жээнбаев.

Мамлекеттик чек ара кызматы коррупция боюнча айтып чыккан «Талгат Аланов жалган маалыматтарды таратып жатат» деп билдирди. Бул тууралуу 17-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Чек ара кызматынын чек араны коргоо башкармалыгынын башчысы Кубатбек Жээнбаев айтты.

- Подполковник Аланов Чек ара кызматынын жоболорун бузуп, жалган маалыматтарды таркатууда. Ага эч кандай коркутуулар болгон жок жана «Чек ара кызматынын жетекчилиги тарабынан тоскоолдуктар болуп жатат» деген билдирүүлөрүн Чек ара кызматы сандырак кеп деп эсептейт. Биз Алановдун бардык айткандарын четке кагабыз. Ага эч кандай кызмат орду сунушталган эмес жана маалымат каражаттарына берген анын билдирүүлөрүндө эч кандай далил жок. Алановдун билдирүүсү Кылмыштар жана жоруктар реестрине катталган жана азыр анын иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен чара көрүлөт, - деди Кубатбек Жээнбаев.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык Аланов өзү эң чоң өткөрмө бекеттерде кызмат аткарган жана кызматтык милдетине мыйзамсыз көрүнүштөрдү жокко чыгаруу милдети жүктөлгөнүн Кубатбек Жээнбаев кошумчалады. Аланов учурда эмгек өргүүдө экенин Чек ара кызматы билдирди.

Ошто Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» чогултуп, кызмат орундары акчага сатыларын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин билдирген. Кийинчерээк ал мыйзамсыз иштери айтып чыкканы үчүн коркутууларга кабылганын айткан. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG