Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:36

Алтынбек Сулайманов УКМКга сурак берип жатат


Алтынбек Сулайманов УКМКнын имаратынын алдында. Сүрөт Интернеттен алынды.
Алтынбек Сулайманов УКМКнын имаратынын алдында. Сүрөт Интернеттен алынды.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыктын» иликтөөсүнө байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатат. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы ырастады. Сулайманов ушул эле иш боюнча УКМКга 2-декабрда да сурак берип чыккан.

Атайын кызмат иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары күбө катары суракка чакырыларын билдирген. Буга чейин «Бир Бол» фракциясынын дагы бир мүчөсү Дүйшөн Төрөкулов, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова да суралган.

УКМК андан тышкары президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырыларын жарыялаган.

Атайын кызмат анын ичинде «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Али Токтакунов (Мухаммедали Токтакунов) менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырган. Алар учурда «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде иштеп жаткандыктан «Азаттык» алар "Скайп" аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

УКМК журналисттик иликтөөдөгү фактылар боюнча ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат.

Көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы коррупциялык схема тууралуу айтып берген кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшканын билдирген.

Башкы прокуратура мындан эки жыл мурда Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттаган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG