Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

HRW: Өзбекстан реформаларды шайлоого жайылта алган жок


Термиздеги шайлоо кампаниясы. Декабрь 2019-жыл
Термиздеги шайлоо кампаниясы. Декабрь 2019-жыл

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) укук коргоочу уюм реформаларга багытталган “айрым кадамдардан” кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев "өзгөртүүлөрдүн маанайын" ушул айда өтчү шайлоого жайылткан жок деп билдирди.

22-декабрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Бул – Мирзиёев бийликке келгенден берки алгачкы добуш берүү болмокчу.

Уюм белгилегендей, президент адам укуктарынын “өтө начар” абалын оңдоо жаатында жана башка “маанилүү реформаларды” жүргүзгөнү менен саясий система “негизинен авторитардык” бойдон калууда.

Өзбекстан февралда Шайлоо кодексине “айрым өзгөртүүлөрдү” киргизген. "Бирок шайлоочуларга алдыдагы добуш берүүдө реалдуу тандоо мүмкүнчүлүгү берилбейт, - деп белгиледи HRW 17-декабрдагы билдирүүсүндө.

Укук коргоочулардын айтымында, шайлоого катталган беш партия “өкмөт аныктаган саясий алкакта" иш алып барышат, оппозициялык партиялар же көз карандысыз талапкерлерге ат салышууга жол берилген эмес.

XS
SM
MD
LG