Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Биринчи Дүйнөлүк качкындар форуму башталды


Президент Режеп Тайып Эрдоган качкындар форумунда. 17-декабрь, 2019-жыл
Президент Режеп Тайып Эрдоган качкындар форумунда. 17-декабрь, 2019-жыл

Женева шаарында биринчи Дүйнөлүк качкындар форуму башталды. Ага мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү гана эмес, жаңжал токтобогон өлкөлөрдөн жер которууга аргасыз болгон качкындардын өздөрү да катышууда. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинин маалыматы боюнча, былтыр дүйнө жүзүндө уруштардан, куугунтуктан же башка зомбулуктан жер которууга аргасыз болгондордун саны 70 миллиондон ашты. Алардын жоон тобун чет өлкөгө жан сактай качкан адамдар түзөт.

Үч күндүк жыйында качкындар лагерлериндеги шарттарды жеңилдетүү гана эмес, аларды башка өлкөлөрдө жайма-жай турмушка аралаштырууга чейинки бир катар маселелер тууралуу сөз болот.

Качкындар агенттиги Швейцариянын бийлиги менен чогуу өткөрүп жаткан форумга Германия, Пакистан, Түркия, Эфиопия жана Коста-Риканын лидерлери жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.

XS
SM
MD
LG