“Кыргызстан тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылууну кааласа, кээ бир жетишкендиктерге токтолбостон, азчылыктардын адам укуктарын камсыз кылуу, өзүнүн демократиялык институттарын чыңдоо жана инклюзивдүү коомду түзүү боюнча андан аркы чараларга муктаж” - деди өлкөгө келип кеткенден кийин БУУнун азчылыктардын укуктары боюнча эксперти.
БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү тараткан билдирүүгө ылайык, атайын баяндамачы Фернан де Варенн Кыргызстандын адам укуктары боюнча жаңы иш-аракеттер планын кабыл алганын кубаттап, бирок адам укуктары жаатындагы ар тараптуу мыйзамдарды жана басмырлоого каршы жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга үндөдү.
Ошондой эле баяндамачы “азчылыктардын саясий өкүлчүлүгү жана коомдук турмушка катышуусу, өлкөнүн мамлекеттик кызматында, анын ичинде милицияда жана сот органдарында ишке орношууга жеткиликтүүлүгү, сот адилеттигин жүргүзүү жана билим алуу мүмкүндүгү, айрыкча азчылык тилдеринде билим алуу сыяктуу кээ бир чөйрөлөрдө азчылыктарга карата басмырлоо сакталууда”, - деди.
Билдирүүдө айтылгандай, атайын баяндамачы “өзгөчө өзбек азчылыгына басым жасап, азчылык тилдеринде окуткан мектептердин саны кыскаргандыгын, азчылыктардын олуттуу саны жайгашкан аймактарда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө жалаң гана мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдерин пайдаланууну караган мамлекеттик саясат боюнча тынчсыздангандыгын белгиледи”.
12 күндүк миссия убагында де Варенн Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы расмий адамдар, жарандык коомдун жана дүлөйлөр коому сыяктуу азчылык жамааттарынын мүчөлөрү менен жолукту.