Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Матраимовдордун туугандары жөнүндө жазган бир канча сайт иштебей калды


Factcheck.kg иликтөөсүндө көрсөтүлгөн сүрөт.
Factcheck.kg иликтөөсүндө көрсөтүлгөн сүрөт.

Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөөнү жарыялаган бир канча сайттарга 17-декабрда хакердик чабуул жасалды. Макаланы даярдап, алгач жарыялаган factcheck.kg сайты көпкө иштебей турду. Редактор Болот Темиров серверге Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан Таиланддан жана Индонезиядан чабуул болгонун билдирди.

Ушул эле иликтөөнү кайра баскан kaktus.media, economist.kg, pk.kg жана kloop.kg сайттарынын ишинде да кыйынчылык жаралып, кыска мөөнөт иштебей калды. 18-декабрдын таңында да бул сайттардын ачылышы бир аз кыйын болууда.

Kloop басылмасы муну DDoS-чабуул экенин жазып, Кыргызстандын тарыхында бир канча басылма бир убакта мындай чабуулга биринчи жолу кабылганын билдирди.

DDoS-чабуул бул - сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.

Иликтөө макалада Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана уулунун кымбат баа сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу маалыматтар камтылган.

Анда Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрүндөгү буюмдарынын баасы такталып, иликтөөчүлөр алардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн сом тапканын гана көрсөткөн.

Чабуулга кабылган сайттар муну ушул макаладан кийин атайын жасалган деп божомолдошууда. Матраимовдордун үй-бүлөсү буга комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG