Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:06

Боомдо сегиз жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.

Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогунда (Боом капчыгайы) сегиз жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына караганда, кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар жок.

Кырсыкка байланыштуу Балыкчы-Жел-Арык темир жол участогу убактылуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги поезд көмүр ташып баратканын, окуя болгон жерге Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылганын маалымдады. (BTo)

XS
SM
MD
LG